www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 6-апрелинде Бишкек шаарындагы «Ынтымак» сейил багында 2022-жылдын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган бак отургузуу акциясы өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын негизги максаты - жыл сайын дүйнө жүзүндө 13 миллион адамдын өмүрүн алып кетүүчү экологиялык мүнөздөгү себептер тууралуу коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатуу болуп саналат.

"Бул күнү саат 10:00дөн 12:00гө чейин бардык каалоочулар бак отургуза алышат. Аталган акцияга ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлиги, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР ИИМдин Баңгини мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү боюнча кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргызстандын Кызыл Ай коому, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, Бишкек ден соолукту чыңдоо борбору, Кыргызстандагы БУУ агенттиктеринин жана чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү/башчылары катышат", - деп айтылат маалыматта.

Акция учурунда каалоочулар АИВге экспресс-тесттен өтүп, кандагы канттын деңгээлин, кан басымды өлчөтүп, сергек жашоо мүнөзү, тамеки тартуудан баш тартуу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча кеп-кеңеш алып, ошондой эле COVID-19га каршы эмдөө жасата алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости