www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо агенттиги өлкөдө COVID-19 омикрон штаммынын жаңы мутациясы табылганын жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Республикалык штабынан билдиришти.

Британиянын Саламаттык сактоо агенттигинин маалыматы боюнча, XE коронавирустун жаңы варианты - рекомбинант деп аталган BA.1 жана BA.2 штаммдарынын мутациясы.

“Изилдөөлөр көрсөткөндөй, омикрон-XE таралышы стелс-омикронго караганда 9,8 пайызга жогору. Башкы медициналык кеңешчиси профессор Сьюзен Хопкинс рекомбинанттык варианттар сейрек кездешерин жана адатта "салыштырмалуу тез" жок болуп кетерин айтат”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости