www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте чет элдик жаран кармалып, граната жана октор алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Бишкекте "А" аттуу жаранда граната жана ок-дарылар бар экендиги жана ал куралдар менен кылмыш жасоону көздөп жүргөндүгү маалым болгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү жана жашаган дареги аныкталып, ал чет элдик жаран экендиги такталган.
Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда, РГД-5 үлгүсүндөгү граната, Калашников автоматынын жана Макаров тапанчасынын октору, уюлдук компаниялардын сим карталары, банк карталары жана шек жараткан китептер табылган.
Кылмышка шектүү катары чет өлкөлүк 1995-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
ИИМ шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккен болсо төмөнкү байланыш номерлери аркылуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына кайрылууну эскертет: 0 552 703 300.