www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка президенти Дональд Трамп Украинага жардам көрсөтүү жөнүндө сүйлөп жатып, азыр Кошмо Штаттар өзүнүн куралдуу запастарын калыбына келтириши керек экенин билдирди.
"Биз башка бардык өлкөлөргө караганда кыйла көп төлөдүк", – деди ал Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен Ак үйдө өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийинки биргелешкен басма сөз жыйынында.
Трамптын айтымында, АКШнын колдоосу негизинен "дүйнөдөгү эң мыкты курал-жаракты" жеткирүү менен байланыштуу болгон.
"Бул өтө көп сандагы аскердик техника, ок-дары жана ар кандай башка нерселерди камтыйт. Эми биз өз куралдуу запастарыбызды калыбына келтирүүгө киришишибиз керек", – деп белгиледи америкалык лидер.