www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Жугуштуу оорулар ооруканасына жугуштуу оору менен кайрылган бейтаптар, анын ичинде балдар жаткырылып баштады. Анда жалпы 400 орун бар экенин бүгүн, 1-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Анын ичинен 30 орун жандандыруу бөлүмүндө. Ошондой эле жугуштуу оору менен кайрылгандар көбөйгөн учурда, коронавирус жуккан балдар үчүн кошумча орундар ачылат.

Мындан тышкары борбордун Тоголок Молдо көчөсүндөгү №1 даректе коронавируска шектелген балдар үчүн кошумча бөлүм ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Белгилей кетсек, коронавирус жуккан балдар үчүн Кыргыз-Түрк достук ооруканасында, облустук жана аймактык ооруканалардын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, жаңы курулуп жаткан жугуштуу оорулар ооруканаларында кошумча орундар каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости