www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды

Борбор калаада 4 мектеп карантинге жабылып, жалпы 24 билим берүү мекемесинин окуучулары онлайн окууга өттү.

Учурда төмөнкү мектептер карантинде:

Свердлов районунда: №4, 11, 12, 38, 67, 30, 32, 33, 52;

Биринчи май: №6, 18, 28, 29, 48, 70;

Октябрь: №17, 26, 88, 62, 60, 73, 61;

Ленин: №9, 13.

Мэрия аталган мектептерде коронавирустун эки-үч учуру аныкталганын белгиледи. Аны менен катар Октябрь районундагы №135 бала бакча дагы жабылган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында бүгүн 600 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды.

Эске салсак, кечээ алардын саны 20га жеткен болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости