www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жезге болгон суроо-талап 2,7 эсеге өсүшү мүмкүн

2040-жылга карата жезге болгон суроо-талап 2,7 эсеге өсөт, бул металл кайра жаралуучу энергия технологиялары үчүн чечүүчү мааниге ээ болот. Бул тууралуу USM Groupтун негиздөөчүсү Алишер Усманов билдирди.

Анын айтымында, жез дүйнөлүк энергетика системасында маанилүү ролду ойнойт.

«Жезди көп учурда «жаңы алтын», «жаңы мунай» же атүгүл «келечектин металлы» деп аташат, анткени анын көмүртектүүлүгү аз экономикалардагы жана жогорку технологиялуу тармактардагы алмаштырылгыс ролу бар», - деп белгиледи ал.

Усманов Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматтарына таянып, 2040-жылга карата таза энергетикалык технологияларда колдонулган минералдар менен металлдардын арасында жез, никель жана графитке болгон суроо-талап үстөмдүк кылаарын кошумчалаган. Ал убакта жезге болгон суроо-талап 2020-жылга салыштырмалуу 2,7 эсеге өсөт.

«Бул металл кайра жаралуучу энергия технологиялары үчүн да маанилүү болот», - деп билдирдиал.

Ошол эле учурда USM негиздөөчүсү жакынкы жылдарда жезге болгон суроо-талап металлдын баасынын өсүшүнө алып келгенин жана келечекте сунуштан ашып кетиши мүмкүн экенин белгилейт.

Жездин жетишсиздигин болтурбоо үчүн геологиялык чалгындоо иштерине жана жаңы долбоорлорго инвестиция салуу, ошондой эле өндүрүштү жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн технологияларды иштеп чыгуу керектигин эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости