www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте дагы бир кыз 7 - апрелден бери дайынсыз

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы дайынсыз жоголгон Уланова Назик Улановнага издөө салат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 7-апрелинде саат 15.30дар чамасында Бишкек шаарынын Фирсов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, чачы орточо узундукта.

Өзгөчө белгилери: оң бутунда күйүктөн калган так бар.

Кийимдери: үстүндө кара түстөгү булгаары күрмө, көк түстөгү джинсы шым, кара түстөгү футболка, ак түстөгү спорттук бут кийим.

"Назик Уланованын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0771 14-11-90, 0500 33-99-66, 0500 79-33-33 и 102", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости