www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда аялдар үчүн милициянын формасынын эки дизайны (параддык жана талаада жүрүүгө ылайыкташкан) сунушталды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.


Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, форма атлас жана адрас материалдары менен улуттук жана европалык стилде тигилген. Моделдер Согди облусунун дизайнерлери тарабынан иштелип чыккан.

Талаада жүрүүгө ылайыкташкан форма камуфляж түрүндө даярдалган.

Варианттар өлкө президенти Эмомали Рахмонго көрсөтүлдү. Бул формалар азырынча мамлекет башчысы тарабынан жактырыла элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости