www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Султан Сейит ала качуудан каза болгон 27 жаштагы Айзада Канатбековага арналган «Кусалык...» аттуу эскерүүсүн жазды.

Анын өзүнүн башынан өткөргөн окуясы ар бир адамдын жүрөгүн элжиретет. Ар бир жазган сөздөрү ойго салат.

Кусалык...

Өлүм алдында жаткан апамдын «эжекеңден кабар алып кой. Ал дагы сени менден кем эмес баккан», - деген сөзү жаңы гана сатып алган машинам менен эжемдер жашаган көчөдөн өтүп бара жатканда капилеттен эсиме кылт этти...

Эң биринчи кезекте эжеме учурашуу үчүн эмес, учурашууну шылтоо кылып, анын кайын журтуна депутаттыкка талапкер болуп жатканымды жана машинамды көрсөтүп, бир кезде эжемди ала качып алган жездемден кыйын экенимди кыйыр түрдө көрсөтүп өтөйүн деген максатта гана кайрылдым.

 Мени көрө калган эжем өзүнө батпай кубанып

- Иним келди - деп кайын журтуна сүйүнчүлөп жатты. 

- Иниңизди биринчи жолу көрдүм. Эмнеге сизге келбейт? – деп, орус мүнөз кайниси суроо узатты.

- Инимдин жумушу көп, - деп, эжем оӊтойсуздана түштү да сөзүн улап: - керелди-кечке мамлекеттик кызматта, кечинде үй иши, эки жакка чыкканга убактысы жок, эл кызматын аркалайт, - деп мени актап кирди....

Эжем кандай максатта айтты билбейм бирок, менин үстүмө бирөө муздак суу куюп жибергендей денем муздай түштү. Достор менен намаз окуган жамаатым менен ар кайсы кафеде аш жеп, пайгамбардын кебин сүйлөө, аны даңазалоо менен жүргөн инисин актап-жактап жаткан эжеме ичим жылып, анын алдында өзүмдү оңтойсуз сездим.

Ары-бери өткөндө анча-мынча ал-абалын сурап койсом болмок экен дедим ичимден кейип, бир нерсени шылтоолоп кайра чыгайын деп жөнөп калдым.

- Жок дегенде бир чыны чай ичип кетпейсиңби, - деп, мен качып чыгып кете тургандай жолумду торой калды.

Карасам эжемдин көздөрү жашка толуп калыптыр... Кандай отуруп калганымды өзүм да билбей калдым.

Мен бала болуп туулганы мага мынчалык эч ким зарыгып кайрылган эмес эле. Эжемдин жашка толгон көзүнөн: «Мен сенин бир тууганыӊмын. Кириңди жууп, шымыӊды үтүктөп, тамагыӊды даярдап мектепке жөнөтчү элем го. Бөбөгүңдө чычып-сийип алганыңда көтөнүңдү жуучу элем го!  Ала качып кетип, башкага аргасыз аял болуп, маңдайга жазган ушул тура деп моюн сунуп, силердин карааныӊарга зар болуп жашап жатканымда бир көрүнүп кайра кетип каласыңбы? Же мени көрүү үчүн эмес, өзүңдү көрсөтүү үчүн эле келдиӊ беле? Сен мени эстебегениӊ менен сени ойноткон, сени күлдүргөн, сени тай-тайлап жүргөн балалык күндөрүмдү унута элекмин. Жок дегенде менин маӊдайымда отуруп бир тууган катары бир чыны чай ич. Мен ошол бактылуу күндөрүмдү бир мүнөт болсо да эстеп алайын деген жазууну көздөрүнөн окудум...

Күйөөсүнө телефон чалып, келе жатасыңбы, кеч калдыӊ го, менин иним келди эле… деп, эптеп бир нерсени шылтоо кылып менин келгенимди жаш баладай толкунданып сүйүнчүлөдү. Эжемдин кубанычы коюнуна батпай турду. Эми сыртка чуркап чыгып кошуналарына да сүйүнчүлөй баштайт го деп ойлоп кеттим.

Эжемдин абалын карап туруп, өзүмдүн ушунчалык мерез, таш боор болуп калганымды, беш убак намаз окуп, отуз күндүк орозо тутуп ыйман жолундагы жигитмин дегеним менен өзүмдүн ыймансыздыгымды сездим.

Эки литр бензин кете турган жерде жашаган эжекемди эсимден чыгарып койгонум менен, ал мени жүрөгүнүн түбүнө уютуп сактаптыр. Бир тууганга болгон сагынычы ашып-ташыптыр. Чайды ичип бүтөөрүм менен чыныны жерге тийгизбей колумдан илип алып, кайра чай куюп, мен ичкен сайын өзү ичкендей ырахаттанып, ичсе экен, жесе экен дегендей жалдыраганын сезген сайын, ичкеним ириң, жегеним желим болуп, өзүмдү жемелеп отурдум.

Чай ичип бүтүп, сыртка чыктык. Машинанын жанына чейин узатып келип:

- Дагы келип тур. Качан келесиң? Ары-бери өткөндө кайрылып турсаң? Өзүңдү жакшы кара – деп, Кудайдан менин аман болушумду тилеп бетимен өөп, жалооруй карап, узатып кала берди.

Машина улам узап, күзгүдөн карасам кичинекей карааны мен тарапты телмире тиктеп турганы көрүнүп турду. Эжемдин азыр көз жашы куюлуп, анысын кайын-журтуна көрсөтпөйүн дегендей жеӊи менен сүртүп жатканын байкадым.

Эрксизден көзүмдөн жаш тамды...

Бул жаш бир туугандын кадырын билбеген «акылдуу» акмак, айрыкча кыз бир тууганды тууган катары санабаган мерез адамдын эжесин аяп, жибиген жүрөгүнүн буйругу менен көзүнөн биринчи жолу чыгып жаткан жашы болчу…

Кимдин турмушка чыккан эже-карындаштары болсо, тез-тез кабар алып турсун.

Сен бир тууганыңды эстебегениӊ менен сен алардын жүрөгүндөсүң!

«Эртең чалам, эртең барам» - дебе!

Бүгүн чал! 

Кудайды бетиңе кармап, байлык үчүн жанталашып жашап жатканыңды моюнга ал!

Тиричилигиң сен өлгөндө гана токтойт!

Көрүнбөгөн Бейиш талаасына жутунбай, көз алдыңда көрүнүп, маңдайыңда тирүү турган бир тууганыңдан кабар ал...

Кыз бир тууганды эстен чыгарбасаң, бул дүйнөдө жасаган амалың акыретте эске алынаарын унутпа!», - деп эскерет ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости