www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте дайынсыз жоголгон адам табылды

2020-жылдын 7-февралында болжол менен саат 08:40та Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунун тургуну 1969-жылы туулган С.Г. аттуу аял  Ленин РИИБнин экинчи шаардык милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын  басма сөз  кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ошол эле күнү болжол менен саат 05:00  чамасында арыз ээсинин 1940-жылы туулган С.Н аттуу арыздануучунун атасы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

Жазылган арыздын  негизинде Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан  ошол  эле күнү түнкү саат 23:30 чамасында Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунун кырк чоро көчөсүнөн табылып, Ленин РИИБнин экинчи шаардык милиция бөлүмүнө өткөрүп беришип, ал жактан жакын туугандары  алып кетишкен.

Милициянын кайгуул кызматынын бул аракетине  жоголгон жарандын жакын туугандары рахмат айтып, ыраазычылыгын  билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

 
 

Последние новости