www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иш-чара "Мосфильм" студиясынын 100 жылдыгына жана Россия киносунун күнүнө карата уюштурулууда.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкектин жашоочуларын акысыз фильм көрүүгө чакырат.

РФтин Бишкектеги илим жана маданият борборунан маалымдашкандай, "Мосфильм" студиясынын 100 жылдыгына жана Россия киносунун күнүнө карата кинофестиваль уюштурулууда. Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтөт.

"Биз дүйнөлүк кинематографиянын классикасына айланган легендарлуу фильмдерди камтыган программа даярдадык. Бул фестиваль шедеврге айланган кинофильмдерди чоң экрандан көрүүгө жана дүйнөдөгү эң бараандуу киностдудиялардын биринин жүз жылдыгын чогуу белгилөөгө жакшы мүмкүнчүлүк", – дешти борбордон.

Программа боюнча:

27-августта саат 19:00дө фестивалдын ачылышы болот. Анда "Биринчи мугалим" кинотасмасы көрсөтүлөт.

28-августта:

13:00 – "Москва слезам не верит" фильми;

16:00 — "Летят журавли" фильми;

19:00 — "Хитровка. Знак четырёх" кинотасмасы көрсөтүлөт.

Дареги: Бишкек шаары, Яков Логвиненко көчөсү, 13, Кино үйү.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости