www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Стамбулда (Түркия) окуу-машыгууларды өткөрүп жатканын Кыргыз футбол союзу билдирди.

Оюнчулар ал жерде 3-сентябрга чейин болушат. Эске салсак, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына үчүнчү тандоо раундунун оюндары сентябрдын башында өтөт.

Ата мекендик команда 5-сентябрда Иран менен беттешсе (конокто), андан кийин 10-сентябрда Бишкекте Өзбекстан курамасы менен кез келет. Бул этаптын толук графиги шилтемеде.

Учурда тизмеде 32 спортчу бар, бирок оюндардын акыркы тизмесине 23 гана оюнчу киргизилет.

Эске салсак, команда биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун 3-раундуна чыкты.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости