www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаада парламенттик шайлоодо эл келип добуш бере турчу участкалык шайлоо комиссиялардын имараттарын жууп-тазалап жана дезинфекция иштерин жүргүзүп жатышат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдирди.
"Ар бир районго "Тазалык" ишканасынан 5-10 кишиден турган бирден бригада бекитилген. Шайлоо участкалардын кире беришине термометр коюлуп, дезинфекциялоочу килемчелер жана нөөмөттө турчу кызматкерлер үчүн атайын коргонуу кийимдери даярдалган", – дешти муниципалитеттин маалымат кызматынан.
Мэрия шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү боюнча арыз-даттануулар болсо же юридикалык жактан кеп-кеңеш алууну каалагандар 1255 номерине чалып же 0990 02 12 55 WhatsApp номерине кайрылууну айтышты.
Андан сырткары, электрондук [email protected] дарегине жазууну кошумчалашты.
Булак: NazarNews.kg