www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп коронавируска чалдыкканына байланыштуу Мериленд штатындагы Уолтер Рид улуттук медицина борборуна тик учак менен жеткирилди.

Ак үйдүн өкүлдөрү Трамп президенттик милдетин ооруканада уланта берерин билдиришти.

Трамптын администрациясы АКШ президентинин шайы ооп турганын, бирок маанайы жакшы экенин маалымдаган. Дарыгери Шон Конли президенттин өз милдетин улантууга күчү жетерин айтты.

Белгилей кетсек, АКШ президенти жубайы экөө коронавирус жуктуруп алганы 2-октябрда кабарланган. Бул жагдай өлкөдө президенттик шайлоого аз калган убакытка туура келди.

Эске салсак, АКШдагы шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Ага Дональд Трамп жана Жо Байден ат салышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости