www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда тартип жана тазалыкты, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар менен күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу кечээ, 2-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кийизбаев көчөсүндө жайгашкан «Дельмар Групп» курулуш компаниясынын жана №4-кичи районунда жайгашкан «Народный» соода үйүнүн өндүрүш цехинин айланасы таштандыга толгондугу аныкталган. СЭИ инспекторлору тарабынан аталган жактарга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 70-беренеси боюнча протокол түзүлүп, экинчи категориядагы айып пул:  жеке жактарга 3 миң сом жана юридикалык жактарга 13 миң сом салынган.

70-берене. Аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу. Калктуу конуштагы менчик объектисине жанаша жаткан аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу же ошол аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо.

“Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздөрдүн, кеңсеңиздердин айланасын таза кармаңыздар, белгиленбеген жерге таштанды таштабаңыздар, көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыздар. Тартип жана тазалык – бул вирус менен күрөшүүнүн бир жолу”,- деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости