www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Донор күнүндө 84 адам 38 литр кан тапшырды

Бишкекте Донор күнүндө 84 адам 38 литр кан тапшырды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлады.

Мэрия билдиргендей, дем алыш күндөрү "Адинай" сейил багында борбор калаанын саламаттык сактоо башкармалыгы, ден соолукту чыңдоо борбору жана Улуттук Кызыл жарым ай коому тарабынан Донор күнү белгиленип, анын алкагында жарандар кан тапшырышкан.

"Шаар тургундарына кан басымынын келип чыгуу себептери тууралуу маалымат, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча кеңештер берилди. 169 киши кан басымын текшерди. Алардын ичинен 48инин кан басымы жогорку болгон. 84 киши донор болуп, 38 литр кан чогулду", - деп билдиришти мэриядан.

Ошондой эле Мэрия ден соолук акциясына катышып, кан тапшырып кеткен жарандарга ыраазычылык билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости