www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте рейддин жүрүшүндө эки жаранга жашыл аянтка унаа токтоткону үчүн айып салынды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, айдоочуларга карата КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, 5500 сом айып салынды.
Эреже бузуулар Г.Айтиев көчөсүндөгү турак үйлөрдүн жанында катталды. Айдоочулар унааларын бактын арасына, ошондой эле жашыл аянтты ээлеген жерлерге токтотушкан.
Муниципалдык инспекция шаардыктарды унааларын жашыл аймактарга калтырбоону өтүнөт. Туура эмес жерлерге токтотуу үчүн жеке адамдарга 5500 сом, ал эми юридикалык жактарга 17000 сом айып пул салынарын эскертет.
Булак: NazarNews.kg