www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жозеф Байдендин президенттиги учурунда Америка аймагына кирген мыйзамсыз мигранттардын саны 15 миллионго чамалашы мүмкүн. Бул туурасында Өкүлдөр палатасынын төрагасы Майк Жонсондун билдиргенин РИА Новости жазды.

"Арабызда Байден келген үч жылдан бери өлкөбүзгө 15 миллион чоочун киши чек арадан мыйзамсыз өткөнүнө ишенгендер бар", — деген спикер журналисттерге Америка президенти Конгрессте сүйлөөр алдында.

Жонсондун айтымында, Американын көчөлөрүндө 600 миңден ашуун кылмыш жасаган мыйзамсыз мигранттар жүрөт, алар — АКШнын жарандарына кол салгандар. Төрага өлкө ичиндеги абалды "кризис", "апаат", "төмөндөө" деген сөздөр менен мүнөздөп, сүрөттөдү.

Шаршемби күнү Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер Байден 7-мартта Конгрессте сүйлөп, мамлекеттин башына келгенден берки "тарыхый жетишкендиктеринен" кеп саларын билдирген. Ал аталган президент үч жыл ичинде "башка президенттер эки мөөнөттө жасаган иштерден арбын нерселерди кылганын" кошумчалаган.

Соңку айлары АКШда мыйзамсыз миграция рекорддук көрсөткүчтү чапчыганы айтылууда. Былтыр декабрда Чек ара кызматынын адистери четтен келгендер чек арадан 302 миң ирет мыйзамсыз өткөнүн аныкташкан. Бул бир ай үчүн абдан көп дешкен. Мындан сырткары, мыйзамсыз кирүү боюнча рекорддук көрсөткүч Байдендин бийлиги учурунда жыл сайын кайталанып келе жаткандыгын айтышты.

Последние новости