www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги убактылуу стационарлар №1 интернаттын (150 орун), Азиз жана көрүүсү начар балдардын интернатынын (80 орун) базасында ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул имараттарда өлкөнүн аймактарынан келген медициналык кызматкерлер иштешет. Муну менен катар дарыгерлерден жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жогорку курсунун студенттеринен турган алты тез жардам бригадасы иштей баштады.

Буга кошумча Бишкек шаардык мэриясы борбордогу спорт залдардын имаратына керебеттер коюлуп жатканын кабарлады. Анда коронавирус жана пневмониядан жабыркаган бейтаптар келип, күндүз медициналык жардам алууга ылайыкташат.

Кыргызстанда кийинки күндөрү коронавируска кабылган жана пневмония менен жабыркаган жарандар көбөйүп, ооруканаларда орундардын, жасалма дем алдыруучу аппараттардын жана кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздиги байкалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости