www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук айдоочулук күбөлүктү ишке киргизүү боюнча долбоор иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, айдоочулук күбөлүктөн сырткары автоунааны каттоо күбөлүгүн да электрондук форматка өткөрүү пландалууда. Долбоорду Мамлекеттик каттоо кызматы иштеп чыккан. Ал эми аны ишке ашырууга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы көмөктөшмөкчү.

Долбоор сынамык иретинде бир жылга Бишкекте жүргүзүлөт.

"Пилоттук программа ишке ашып калса, унаа ээлери айдоочулук күбөлүк менен транспортун каттаткан күбөлүктүн электрондук түрүнө мобилдик тиркеменин жардамы менен өтө алышат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен акча каражаты талап кылынбай турганы айтылды. Ал эми ЖКККББ өкүлдөрү электрондук айдоочулук күбөлүктү текшерүү үчүн буга чейин сатып алынган компьютердик планшеттерди колдонушат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости