www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 18-июнунда, Бишкек шаарында энергетика тармагындагы технологиялардын, жабдуулардын жана инфраструктуралык чечимдердин биринчи эл аралык көргөзмөсү — Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026 расмий түрдө ачылды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин демилгеси менен уюштурулду.
Көргөзмөнү Кыргыз Республикасынын энергетика министри ачып, бул аянтча Кыргызстан үчүн гана эмес, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин энергетикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү платформа экенин белгиледи.
Министрдин айтымында, Energy Expo жаңы идеялардын, технологиялардын жана стратегиялык өнөктөштүктөрдүн түптөлүшүнө шарт түзөт.
“Биз бүгүн жөн гана көргөзмө ачып жаткан жокпуз. Бул энергетика тармагынын келечегин аныктай турган идеялардын жана технологиялардын жаңы аянтчасы. Кыргызстан энергетикалык кызматташтыктын ишенимдүү өнөктөшү бойдон калып, аймактын туруктуу энергетикалык келечегин биргелешип курууга даяр”, — деди министр.
Иш-чара Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өткөрүлүп, ШКУга мүчө мамлекеттердин Энергетика министрлеринин кеңешмесине арналган.
Көргөзмө энергетика тармагындагы мамлекеттик органдарды, эл аралык уюмдарды, ири компанияларды, инвесторлорду жана долбоорлоочу уюмдарды бир аянтчага чогултат.
Быйыл иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Беларусь, Түркия жана Вьетнамдан 40тан ашуун компания катышып, өздөрүнүн акыркы технологияларын жана инновациялык чечимдерин сунуштоодо.
Экспозицияда күн энергетикасы, кайра жаралуучу энергия булактары, гидроэнергетика, электротехника, энергетикалык жабдуулар, газ транспорттоо технологиялары, көмүр өнөр жайы, өндүрүштүк жабдуулар жана атомдук энергетика багыттары камтылган.
Эки күндүн ичинде катышуучулар ишкердик жолугушууларды өткөрүп, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап, жаңы долбоорлорду сунушташат. Ошондой эле энергетикалык рыноктун өнүгүү багыттары боюнча пикир алмашуулар болот.
Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык потенциалын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана заманбап технологияларды киргизүү багытындагы иштерин улантып жатканын билдирди. Бул көргөзмө аталган максаттарды ишке ашыруудагы маанилүү кадамдардын бири экени белгиленди.
Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026 Кыргызстанды аймактагы энергетикалык диалогдун маанилүү борборлорунун бири катары бекемдөөгө өбөлгө түзөрү айтылды.