www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш Карыбек Дүйшеевди Конституциялык соттун судьясы кызматынан бошотту. Мындай чечим бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров судьянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу тийиштүү сунуштаманы киргизген.

Карыбек Дүйшеевдин кызматынан бошотулушу Конституциялык соттун судьялары үчүн мыйзамда каралган жети жылдык ыйгарым укук мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу болууда.

Карыбек Дүйшеев Конституциялык соттун төрагасынын орун басары болгон. Ал сот жана мамлекеттик тутумда көп жылдык тажрыйбага ээ. Буга чейин Юстиция министрлигинде, Өкмөттүн аппаратында жана Президенттин администрациясында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Сот департаментин жетектеген. 2019-жылы Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.

Последние новости