www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-апрелде Бишкекте «Евразия» медиа мектеби өтүп, алдыңкы орусиялык журналисттер жана медиаэксперттер кыргызстандык кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүүдө.
Иш-чара Инновациялык борбордо өтүп жатат.
Медиа мектептин программасы заманбап журналистиканын негизги аспектилерин камтыйт: кадрда иштөө, маалыматтык агымдагы атаандаштык, видео контент жаратуу жана YouTube менен Instagram платформаларынын алгоритмдерин колдонуу.
Спикерлердин катарында НТВ телеканалынын алып баруучусу Владимир Чернышев, «Наука» телеканалынын журналисти Антон Войцеховский, RT телеканалынын атайын кабарчысы Константин Придыбайло жана медиаэксперт Алексей Дюков бар.
Катышуучулар лекцияларды угуп гана тим болбостон, түз эфирлер, стримдер жана видео монтаж боюнча практикалык сессияларга да катыша алышат.
Иш-чаранын соңунда жыйынтык чыгарылып, катышуучулардын бейформал баарлашууга мүмкүнчүлүгү болот.