www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция кызматкерлери Чүйдүн Москва районунда келин менен кайнененин тараган видеосу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-апрелде А.С. аттуу жаран Фейсбуктагы баракчасына видео жарыялап, 4 күндөн бери 5 жаштагы кызын көрө албай, кайненесинен ала албай жатканын билдирген.
«1990-жылы туулган келин милицияга арыз менен кайрылып, 1-апрелде анын денесине залал келтирген кайненесине чара көрүүнү суранган. Ошондой эле 1961-жылы туулган аял дагы арыз жазып, үйүнө келип ызы-чуу чыгарып, денесине залал келтирген келинине чара көрүүнү суранган. Аталган факты милицияга каттоого алынып, териштирүү башталган. Материалдар боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, текшерүү улантылууда. Анын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим чыгарылат»,- деп айтылат маалыматта.