www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте «Family Village» курулуш компаниясынын башкы директору Сухраб Жармухамедов кармалды. Аны ири өлчөмдөгү алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоого шектелип жатышат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын комментарийине борбор калаанын тургунунун кайрылуусу себеп болгон, ал социалдык тармактарда уулунун негизсиз камакка алынганын билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2017-жылы жаран А.У. жана Жармухамедов жетектеген компания Байтик Баатыр көчөсүндө төрт кабаттуу турак үй куруу боюнча келишим түзүшкөн. Тараптар долбоорго тең шарттарда катышып, 50 пайыздан киреше алышмакчы болгон.

Укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө, инвестор компанияга 270 миң долларлык активдерди өткөрүп берген. Үй курулуп, батирлер сатылгандан кийин компаниянын жетекчиси өнөктөшү менен эсептешүү боюнча милдеттенмелерин аткарбай койгон имиш.

КР Кылмыш-жаза кодексинин «Расмий документти жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Жармухамедов кармалып, тергөө уланууда.

Буга чейин Сухраб Жармухамедов алдамчылык иши боюнча кармалган. 2022-жылдын декабрь айында Биринчи Май райондук соту «Family Village» директорун 2023-жылдын 20-февралына чейин №1 тергөө абагына камакка алгандыгын соттун басма сөз кызматы кабарлаган.

Последние новости