www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда суу ташкынынан 89 адам каза болду

Индиянын түндүк-чыгышындагы Ассам штатында муссондук жаандан улам болгон суу ташкындарынан кеминде 89 адам каза болду. Бул тууралуу 5-августта The Hindu басылмасы жергиликтүү табигый кырсыктарды башкаруу кызматынын маалыматына таянып жазды.

Маалыматка караганда, акыркы сутка ичинде Сивасагар жана Голагат райондорунда эки адам каза болгон. Учурда беш райондо 122 миңден ашуун адам жабыркаганы айтылууда.

Эң көп зыян Сивасагар районунда катталып, суу ташкыны 60 миңдей тургунга таасир эткен. Куткаруучулар түнкү жаандан кийин кайрадан суу каптоо коркунучу сакталып жатканын эскертишти. Жергиликтүү тургундарга суу каптаган аймактардан алыс болуу жана куткаруу иштерине тоскоол болбоо чакырыгы жасалды.

Последние новости