www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19-июлунда саат 21:00дө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында FIFA-2026 футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешин түз көрсөтүү уюштурулат.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз футбол биримдигинин колдоосу менен «Шоро» компаниясы тарабынан Legend Fan Festival аттуу масштабдуу фан-зона ачылат. Көрүүчүлөр үчүн аянтка жогорку сапаттагы LED-экран жана заманбап үн жабдуулары орнотулат.
Финалдык беттеш башталганга чейин шаар тургундары жана коноктору үчүн көңүл ачуучу программа уюштурулуп, сахнада белгилүү аткаруучулар жана диджейлер өнөр көрсөтүшөт. Ошондой эле интерактивдүү аянтчалар, сынактар, байгелерди ойнотуу жана фуд-корт иштейт.
Иш-чарага байланыштуу 19-июль күнү саат 19:00дөн тарта Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Бишкек мэриясы бардык футбол күйөрмандарын финалдык беттешти бирге көрүүгө чакырат.