www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын Open Source Centre (OSC) уюмунун баяндамасында 2024–2025-жылдары Кыргызстанда түзүлгөн каржылык схема аркылуу 25 млрд долларлык операция жүргүзүлгөнү айтылды. Анда каражаттын кеминде үчтөн бири мамлекеттик түзүмдөр аркылуу өткөнү белгиленген.

Баяндамада бул схемага Кыргызстандын мамлекеттик «Кыргыз Республикасынын соода компаниясы» катышып, орусиялык кардарлардын чет өлкөлүк жеткирүүчүлөр алдындагы төлөмдөрүн жүргүзгөнү жазылган. Компания 2024-жылдын сентябрында түзүлүп, 2026-жылдын февралында жоюлган.

Ошондой эле баяндамада 2024-жылы кыргызстандык банктар 54 жаңы корреспонденттик келишим түзгөнү, ал эми 2025-жылдын ноябрында ишке киргизилген USDKG токени кийин Улуу Британиянын санкциялык тизмесине киргизилгени белгиленген.

Кыргызстандын бийлиги буга чейин Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшүү боюнча айыптоолорун четке кагып келген.

Последние новости