www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Франциянын президенти Эммануэль Макронго каршы митинг өтүп жатат.
Чогулган 250 жаран европалык саясатчынын исламга каршы билдирүүлөрүнө нааразы.
Митингди Абдулхамит аттуу активист уюштурган. Анын айтымында, бул акция элдин нааразычылыгын жеткирүү максатында уюштурулган.
«Франциянын президенти мусулмандардан кечирим сурашы керек. Ал эми эл шайлап алган бийлик биздин үнүбүздү жеткириши керек», - деди ал.
Митингде мурунку депутат Турсунбай Бакир уулу да сөз сүйлөдү. Анын айтымында, башка бир да президент ислам дини тууралуу жаман оюн айткан эмес.
«Францияда көптөгөн белгилүү жазуучулар, окумуштуулар бар. Алардын бири да ислам дини тууралуу жаман оюн айкан эмес жана карикатурасын көрсөткөн эмес. Эгер Э.Макрон өз элин сыйлаган болсо, бул ишке барбайт эле», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg