www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү өткөн II эл аралык UmutDoc документалдык кино фестивалы жыйынтыкталды.

Фестивалга кинорежиссёрлор, кино тармагынын адистери, эл аралык эксперттер жана көрүүчүлөр катышты.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков да катышты.

Быйылкы фестиваль белгилүү кинодокументалист Альгимантас Видугиристин 90 жылдыгына арналды. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспектива уюштурулуп, фестиваль «Ала-Тоо» кинотеатрында «Нарынский дневник» тасмасынын көрсөтүлүшү менен ачылды.

Сынактык программага Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан 8 толук метраждуу жана 16 кыска метраждуу документалдык тасма кирди.

Фестивалдын кесиптик программасында Project Pitching, Project Showcase, мастер-класстар жана талкуулар өттү. Катышуучулар DocsBarcelona, Cannes Docs, Berlin Film Residencies, TRT World жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, документалдык тасмаларды эл аралык аудиторияга чыгаруу жана дистрибуция маселелерин талкуулашты.

Фестивалда быйыл биринчи жолу студенттик калыстар тобу да иш алып барды.

II UmutDoc фестивалынын негизги лауреаттары:
Кыска метраждуу тасмалар:
Калыстар тобунун атайын белгилөөсү — «Long Distance» (Alina Baitokova, Кыргызстан);
Калыстардын атайын сыйлыгы — «Beautiful» (Fariza Tanai, Казакстан);
Мыкты режиссёр — Faig Dadachov, «Black Cat, White Shani» (Азербайжан);
Мыкты кыска метраждуу документалдык фильм — «Yaghnob» (Pairav Sharifov, Тажикстан).

Толук метраждуу тасмалар:
Студенттик калыстар тобунун сыйлыгы — «Electing Ms Santa» (Raisa Razmerita, Молдова);
Калыстардын атайын сыйлыгы — «Heroine of the Film Electing Santa» (Raisa Razmerita, Молдова);
Мыкты режиссёр — Zhanana Kurmasheva, «We Live Here» (Казакстан);
Мыкты толук метраждуу документалдык фильм — «River Dreams» (Kristina Mikhailova, Казакстан).

Көрүүчүлөрдүн тандоосу боюнча «Branch» (Shakhzoda Mirakova) жана «The Dogs» (Aliman Toktogulova, Karash Janyshov) тасмалары сыйланды.

Мындан тышкары, питчингдин жыйынтыгында кыргызстандык авторлордун «White Heart», «Stitch by stitch», «After 41 Years», «The Voice of Glaciers» жана «Apricot Season» долбоорлору каржылык жана өндүрүштүк колдоого ээ болду.

New York Film Academy Kazakhstan тарабынан питчингдин катышуучуларына жалпы суммасы 15 миң долларды түзгөн сертификаттар тапшырылды.

Последние новости