www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон үчүнчү альпинистти издөө операциясынын үчүнчү этабы башталды. Бул тууралуу ыктыярчылар штабы билдирди.
Издөө иштеринин негизги максаты - 60 жаштагы беларусь жараны Николай Свиридовду табуу. Акыркы эки жумада штаб кырсык болгон аймактагы аба ырайын көзөмөлдөп келген.
«Аба ырайы ыңгайлуу болду. Кар жааган күндөр болгону менен, көп кар түшкөн жок жана ал бат эрип жатты. Демек, капталдагы объектилер калың кардын алдында калган эмес. Муну биз спутниктен тартылган сүрөттөрдөн күн сайын көрүп турдук», - деп айтылат билдирүүдө.
Ыктыярчылар Дмитрий Разумовскийге да ыраазычылык билдиришти. Ал штаб үчүн спутниктен тартылган сүрөттөрдүн негизинде тоо капталдарындагы кардын көлөмүн эсептеген программа түзүп берген.
Издөө иштерине дрон операторлорунун тобу чыкты. Алар менен бирге альпинист Андрей Ерохин да иштеп жатат. Ал издөө операциясынын консультанты.
Ыктыярчылар Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен дагы жардам сураганын билдиришти. Министрдин тапшырмасы менен республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын беш кызматкери базалык лагерде иштеп жатат. Ошондой эле Чоң-Алай районунан төрт ӨКМ кызматкери техника жана жүктөрдү лагерге жеткирүүгө жардам берген.
Акыркы маалымат боюнча, базалык лагерь менен байланыш азырынча жок. Спутниктик байланыш терминалы иштеген эмес. Бирок топ лагерге жеткени белгилүү.
Буга чейин Корумду чокусунда каза болгон эки альпинисттин өздүгү туугандары тарабынан аныкталган. Алар 43 жаштагы Беларус жараны Максим Полянский жана 37 жаштагы Литва жараны Сергей Рубцов болуп чыккан.
Үчүнчү альпинист — 60 жаштагы Беларус жараны Николай Свиридов азырынча табыла элек.