www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ата-энелер балдарын кыргыз тилинде окутууга кызыкдар болбосо, жалаң орус тилинде окутканга басым жасаган чоң көйгөй болду. Акыркы кездери англис жана кытай тилдерине дагы басым койгон учурлар арбыды. Бишкек жана башка ири шаарларда мектепке кабыл алынган окуучулардын 80% орусча гана сүйлөгөнү айтылууда.
Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүп, STEM, жасалма интеллект, чет тилдер жана функционалдык сабаттуулукка көңүл бурууда.
Коңшу Казакстанда болсо биринчи класска кабыл алынгандардын 71,1% казак тилин, 26,6% орус тилин тандаган. 2026–2027-окуу жылынан тартып ал жакта бир нече жаңы милдеттүү сабактар киргизилип, сабак учурунда смартфон колдонууга чектөө коюлду.
Ал эми Өзбекстан менен Тажикстанда тил маселеси биздегидей курч көйгөй эмес. Дээрлик 90-95 пайыз өз эне тилинде окутулат.
Биз дагы коңшулардан үлгү алып, балдардын келечегин, улуттук тилибизди ойлосок ушундай кадамга барышыбыз абзел.