www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго алынган атайын унаа, техникалар жана санариптик жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Аларды өткөрүп берүү аземине Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана куткаруучулар катышты.

ӨКМдин облустук башкармалыгына төмөнкү техникалар жана жабдуулар берилди:

  • «Шакман» вахталык унаасы — 1 даана. 28 орундуу унаа татаал жол шарттарында жана тоолуу аймактарда жүрүүгө ылайыкталган;
  • кар унаасы (снегоход) — 2 даана. Куткаруу чиркегичтери менен кошо берилди жана кыш мезгилиндеги тоолуу аймактарда колдонулат;
  • суу алдындагы дрон — 1 комплект. Көлдүн түбүндө издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө арналган;
  • квадрокоптер — 1 комплект. Абадан байкоо жүргүзүү жана аймакты мониторингдөө үчүн пайдаланылат;
  • Starlink Mini — 2 комплект. Өзгөчө кырдаал болгон аймактарда спутниктик байланышты камсыз кылат.

Жаңы техникалар куткаруучулардын материалдык-техникалык базасын чыңдап, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана тоолуу аймактарда, ошондой эле суу объектилеринде издөө-куткаруу иштерин натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөт.

Последние новости