www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жатканын, ал эми жаңы китептер базарда эркин сатылып жатканын билдирди.
Анын айтымында, ал «Дордой» базарынан 3-класстын математика китебин 650 сомго сатып алган. Китеп мамлекеттик «Учкун» басмаканасынан чыгарылып, сыртында «Сатууга болбойт» деген белги бар.
Билим берүү министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн чыгарылган китептердин базарларда, дүкөндөрдө жана интернетте сатылган учурларын тастыктады. Бул фактылар боюнча Башкы прокуратурага, УКМКга жана ИИМге кайрылуулар жөнөтүлдү.
Министрликтин маалыматына караганда, жаңы окуу китептерин чыгарууга 2025-жылы 900 млн сом, ал эми 2026-жылы 1 млрд 350 млн сом каражат каралган. Ведомство жаңы китептер окуучуларга бекер таратыларын билдирүүдө.