www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясы борбордун айрым райондоруна ички постторду кайрадан коюу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу жыйында вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.
"Бишкек шаардык мэриясы автоунаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын чектөө үчүн кошумча карантин чараларын жана ички постторду киргизүү маселесин карап жатат. Бишкек шаардык мэриясы карантиндик чараларды күчөтүүдө. Мындан тышкары, райондук администрациялар инфекция очокторунда карантиндик постторду орнотушат», - деди Кузнецова.
Вице-мэрдин айтымында, вирустун жайылышы боюнча эң көп тынчсыздандырганы- конуштар. Дал ушул аймактарда инфекциянын эң көп саны катталган.
Эске салсак, Бишкекте жана бир катар башка конуштарда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бирок 1-майда айрым карантиндик жеңилдиктер жөнүндө чечим кабыл алынган. Ошентип, таксилер, сулуулук салондору, курулуш материалдарынын дүң кампалары, курулуш объекттери жана башка аймактар иштей баштады.
Булак: NazarNews.kg