www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бишкек шаарында коронавирус тастыкталган 231 бейтаптын ичинен 190 адам шаардык каттоодогу даректер боюнча жашайт, 41 адамдын каттоосу башка шаарларда. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова брифингде билдирди.

Коронавирусту жуктурган жарандардын көпчүлүгү Ленин районунда - 82 адам, Октябрь районунда – 45 адам, Биринчи май районунда - 41, Свердлов районунда – 21 адам жашайт.

COVID-19 аныкталган 69 жаран Бишкектеги 16 конушта жашайт.

Ленин району:

  • Арча-Бешик – 21,
  • Ак-Өргө – 3,
  • Ынтымак – 3,
  • Ак-Ордо – 2.

Октябрь району:

  • Көк-Жар – 5,
  • Кара-Жыгач – 1,
  • Алтын Ордо – 1.

Биринчи май району:

  • Ак-Босого – 13,
  • Көлмө – 11,
  • Тынчтык – 1,
  • Касым – 1,
  • Мурас-Ордо – 1.

Свердлов району:

  • Учкун – 2,
  • Керамический – 2,
  • Красный строитель – 1,
  • Энесай – 1.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости