www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте «Империя пиццы» кафесинен 12 адам ууланды

23-24-октябрда 12 адам тамактан ууланып Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылган, алардын үчөө – балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Учурда 3 аял стационардык дарыланууда, алардын абалы туруктуу. Калгандар алгачкы медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга чыгарылган.

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш гигиенасы боюнча бөлүм башчысы Махамат Мурзашевдин айтымында, жабырлангандар шаардын төрт башка жеринде жайгашкан «Империя пиццы» кафесинен рол жеген. Адистер эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Последние новости