www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул майрам Бириккен улуттардын эл аралык күнүнө туш келет жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлеринин күнү катары өкмөттүн 1998-жылдын 21-октябрындагы №689 токтому менен бекитилген.

Мамлекет башчынын куттуктоосу:

«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын урматтуу кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык кызматкеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Өлкөбүздүн тышкы саясат кызматы өзүнүн бай тарыхы менен сыймыктана алат. Кыргыз дипломаттары бүгүнкү күндө улуттук кызыкчылыктарды коргоонун алдыңкы сабында туруп, дүйнөдө тынчтыкты чыңдоого, эң маанилүү глобалдык жана региондук маселелерди чечүүгө салым кошууда.

Тышкы иштер кызматынын ардагерлеринин жана кызматкерлеринин мамлекетибиздин калыптанышына кошкон салымы баа жеткис. Алар – эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхынын ажырагыс бөлүгү.

Республикабыздын тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгүндө кыргыз дипломаттары жогорку кесипкөйлүгүн жана ата-мекенине берилген кызматын далилдеп, улуттук кызыкчылыктарды коргоп, эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын турумун бекемдөөдө.

Урматтуу дипломаттар! Бүгүнкү эл аралык татаал кырдаалда сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, ошондой эле, чет элдик өнөктөштөр менен тил табыша билүүңүздөр өзгөчө маанилүү.

Күн тартибинде тынчтык сактоо, стратегиялык стабилдүүлүктү чыңдоо, кризистерди жана конфликттерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү, евразиялык интеграцияга көмөктөшүү, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, ошону менен бирге эл аралык уюмдардын алкагында өз-ара аракеттенүү маселелери турат.

Экономикалык дипломатияны өнүктүрүүнү улантуу керек, ошондой эле, чет өлкөлөрдөгү биздин жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо зарыл.

Баарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгилик каалайм! Кыргыз Республикасынын гүлдөп өсүшү үчүн талыкпай эмгектене бериңиздер!»

Последние новости