www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Иран эли менен тилектештик билдирген митинг-реквием Иран элчилигинин жанында өттү. Митингге АКШнын жана Израилдин аскердик агрессиясынын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, кыргызстандык жарандык коом активисттери чогулушту.

Митингге чоңдор жана балдарды кошкондо кыркка жакын адам катышты.

Уюштуруучулар митинг тынчтык жана гуманитардык мүнөздө болгонун баса белгилешти. Митингдин максаты курмандыктардын элесин эскерүү, жаракат алгандарга көңүл айтуу жана элдин көңүлун кайгылуу апаатка буруу болгон.

Эске сала кетсек, 28-февралда Израил менен АКШ Иранга каршы аскердик операция баштап, өлкөнүн шаарларына жана аскердик жайларына ири масштабдуу аба жана ракеталык соккуларды жасаган. Жооп катары Тегеран Израилге жана Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндөгү Американын аскердик базаларына чабуул койгон.

Аба соккуларынын натыйжасында Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи, ошондой эле ондон ашык жогорку даражалуу ирандык аткаминер жана аскер кызматкерлери каза болгон.

Последние новости