www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Каппадокия аймагында жер астынан табылган шаар археологдорду таң калтырды. Бир үй ээси ремонт учурунда подвалдагы дубалды талкалап, түнкүсүн туннелдерге чыгат. Ошондо ачылган керемет “Деринкую” — дүйнөдөгү эң чоң жер астындагы шаарлардын бири болуп чыкты.
Археологдор аны иликтеп көрүп, шаар 18 кабатка чейин тереңдегенин аныкташты. Бул жерде 20 000ге жакын адам жашай алган, тамак-аш, мал жана керектүү буюмдар үчүн орун болгон.
Табылган нерселер:
• Жайлуулар, ниши жана эмеректери бар бөлмөлөр
• Тамак бышырчу жайлар жана түтүндү сыртка чыгарган вентиляция
• Мектеп жана окуу бөлмөлөр
• Чиркөө жана диний жайлар
• Аткана жана мал чарбасы
• Кампалар жана шарап сактоочу жерлер
Вентиляция системасы ушунчалык өнүккөндүктөн эң терең бөлмөлөргө да таза аба жетип турган. Бир учурда 30 000 адамга аба жеткирүүгө жөндөмдүү болгон.
Шаардын биринчи кабаттары б.з.ч. VIII–VII кылымдарда курула баштаган. Негизги максат душмандардын чабуулунан коргонуу болгон. Каппадокия көптөгөн соода жолдору жана согуштардын чокусунда болгондуктан, жер астындагы шаар коопсуз жашоого мүмкүндүк берген.
1960-жылдары жасалган табылыш азыр Каппадокиянын эң популярдуу туристтик объектиси. Бирок көп бөлүктөрү азыркы күндө да жабык. Анткени археологиялык изилдөөлөр бүтө элек.
Деринкую – адамдын коркунуч шартында жасаган кереметинин далили. Жер астында түзүлгөн бул шаар дүйнөлүк маданий мурастын уникалдуу бир бөлүгү.