www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, аларга шаар тургуну кайрылып, Т.О. аттуу жаран кийим тигип, Россияга сатуу боюнча чогуу бизнес жүргүзөбүз деп 2024-жылдын апрелинен ноябрына чейин 1 млн 410 мин сом алып, алдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы жаран (Т.О.) кармалган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.