www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында телефон алдамчылыгына аралашкан шектүү жаран кармалгандыгын кабарлайт.

Февраль айынын соңунда милицияга Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, телефон алдамчылыгы тууралуу билдирме калтырган.

Анда ага белгисиз адамдар телефон чалып, “кызың жол кырсыгына кабылды” деген шылтоо менен алдап, 12 миң АКШ долларын жана 250 миң сомуна ээлик кылып алышкандыктары тууралуу айтып берген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү “Алдамчылык” менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жабырлануучулардан акча каражатын алып, үчүнчү жактардын эсебине жиберген курьер кармалды.

Кармалган жаран 20 жаштагы Ш. уулу Т. Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин студенти болот. Анын мындан башка дагы беш телефон алдамчылык кылмыштарына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Айтсак, шектүү Ш. уулу Т. Бишкек шаарындагы 4-кичирайонундагы жабырлануучулардан 250 миң сом алып кеткен. Андан соң, Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган тургундан 29 миң АКШ долларын, “Чыгыш-5” кичирайонунун жашоочусунан 265 миң сомун жана 300 АКШ долларын, “Жал” кичирайонунун тургунунан 9 миң АКШ долларын, ал эми экинчи тургунунан 250 миң сомун, 900 АКШ долларын, 1500 евросун алып кеткен.

Жогорудагы курьер бул жабырлануучулардын үйүнө келип, акча каражаттарын алып турган.

"Телефон алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу алдамчыларга жабырлануучулардан акча каражатын алууга жардам берген курьерлердин дагы кылмышка тиешелүүлүгү каралууда.

Курьерлер кылмыштын оордугун жана мүнөзүн, алдамчылардын тапшырмаларын аткарууда тобокелдиктерди баалабай жатышат. Алар кылмыштын шериги катары кылмыш жоопкерчилигине тартылышат", - деп белгиленет ИИМдин маалыматында.

Последние новости