www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египеттин борбору Каирде Газадагы атышууну токтотуу боюнча мунаса табуу аракети уланууда. 

AFP агенттигинин 5-марттагы маалыматына караганда, Каирде ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган), АКШнын, Катардын жана Египеттин өкүлдөрү чогулган. Алар Рамазан айы башталгандан тартып аяктаганга чейин Газада атышууну токтото туруу тууралуу келишимге жетишүү аракетин көрүп жатышат.

Израил өз делегациясын жөнөтө элек. Алар ХАМАС барымтада кармап турган израилдиктиердин так тизмеси колго тиймейинче сүйлөшүүгө барбай турганын билдиришкен. 5-мартта да андай тизме бериле электиги маалым болду.

ХАМАСтын өкүлү Бассем Наим андай талап сүйлөшүү жараянындагы «бир да документте же сунушта жок экенин» AFP агенттигине айтты.

Израиль 7-октябрда ХАМАС барымтага 250 кишини алып кеткенин, бошотулгандан кийин калганы 130 болушу керектигин, бирок алардын 31и өлтүрүлгөн деген маалымат бар экенин, тизмени ошондуктан талап кылып жатканын айтууда.

Израилдин ХАМАСтын Газа секторунан жасалган 7-октябрдагы чабуулунан кийин баштаган аскердик операциясы «ашкере» болуп кеткенин, сектордогу жай тургундар кыйналып жатканын, жалпысынан ошондон бери 30 миңден ашуун адамдын, айрыкча балдар менен аялдардын өмүрү кыйылганын белгилеген эл аралык уюмдар, АКШ, Египет жана Катар баштаган ортомчулар Рамазан айы маалында атышууну токтотууга аракет кылууда.

АКШнын вице-президенти Камала Харрис 4-мартта Вашингтондо Израилдин аскердик кабинетинин министри Бенни Ганц менен жолугушууда «Газадагы гуманитардык кырдаалга байланыштуу терең тынчсыздануусун» айтты.

Ошол эле күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Газада ачарчылыктан, дары-дармектин жана отун-суунун жоктугунан улам балдар өлүмү үрөй учурган абалга кептелгенин маалымдады.

Мусулмандардын ыйык Рамазан айы быйыл болжол менен 10-мартта башталат.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, дагы жүздөгөн адамды барымтага алып кеткен. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган.

Последние новости