www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ири жол кырсыгы катталды

Бишкекте жүк ташуучу унаа, скутер жана бир нече жеңил унаалардын катышуусунда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкектин Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык Махатма Ганди менен Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«12-мартта саат 11:30дар чамасында Махатма Ганди көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бара жаткан КАМАЗ унаасынын айдоочусу солго бурулуп жатып ошол эле багытта бара жаткан Киа-Морнинг үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан, андан соң КАМАЗ унаасы каршы тилкеге чыгып кетип түштүк багыты көздөй бара жаткан «Тойота-Фораннер», «Хонда-Фит» унаалары жана скутер менен кагышкан. Натыйжада «Хонда-Фит» жана скутердин айдоочусу, ошондой эле скутердин жүргүнчүсү ар кандай жаракаттарды алып, Тез жардам кызматы алып кеткен», — деп жазылат маалыматта.

Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Унаалар убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

Последние новости