www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-июнга карата Бишкекте иш таштаган маршруттук таксилердин айрым айдоочулары ишке чыгышты. Бул туурасында борбор калаанын мэриясынан кабарлашты.

"Айдоочулар акырындан каттамга чыга башташты. Иш таштоо аяктады дегенге эрте, бирок жылыш бар. Биз коопсуздук үчүн укук коргоочуларды, ыктыярчы кошуундарды тарттык", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксинин айдоочулары жол кире тарифин жогорулатуу талабын коюп, каттамга чыкпай коюшкан. Борбор калаада троллейбустар, автобустар жана №131 жана №227 линиясындагы муниципалдык маршруттук таксилер гана иш алып барып жатышкан. 4-июнда айрым маршруттук каттамдар жанданган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости