www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аял күйөөсүн өлтүрүп, эки жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун чечиминде айтылат.
Иштин материалдарында аталган кырсык 2021-жылдын 9-декабрында болгондугу жазылган. Кезектеги чырда 35 жаштагы А.Ж кызы ашкана бычагы менен күйөөсүнүн төшүнө сайып салган. Жабырлануучу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жаткан адам бычактан алган жаракатынан улам эсине келбей каза болду.
Сотто айыпталуучу күйөөсү менен 2007-жылы баш кошкондугу, алардын ортосунда баласы бар экенин айтылган. Буга чейин жолдошу экөөсү жакшы жашаган. 2010-жылы келиндин ата-энеси, агасы жана эжеси каза болгондон кийин депрессия болуп, бир нече жолу текшерилип, ооруканада жаткан. Жолдошунун аркасы менен депрессиядан чыккан. Бирок ата-эне, бир туугандарынын жылдыгы өткөндөн кийин, күйөөсү менен бат-баттан уруша башташкан. Жубайлар арасында тез-тез чыр-чатак чыгып, күйөөсү аялын моралдык жактан шылдыңдап, ата-энесин эске сала берген.
"Мен эч качан күйөөмдү өлтүрөм деп ойлогон эмесмин. Чыр-чатак учурунда, өзгөчө маркум ата-энем, бир туугандарым тууралуу жаман сөздөрдү айтканда өзүмдү жоготуп койчумун", - деген келин.
Анын айтымында, ал окуянын кандай болгонун эстей албайт. Экөөнүн кантип урушканын, күйөөсү аны акча уурдады деп айыптап, өлтүрөм деп коркутуп, батирге кирип келгенин гана эстейт.
Төрт күбөнүн көрсөтмөсүнө ылайык, А.Ж.кызынын күйөөсү менен мамилеси өтө оор болгон, ал көп учурда депрессияга түшүп, чыр-чатактар көп болгон, ошондой эле мезгил-мезгили менен анын денесиндеги көгала тактарды көрүп, үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам кээде кайгуул кызматы келип турган.
Айыпталуучунун жашы жете элек баласы да алар начар жашаганын, ата-энелери акча маселесинен улам урушуп турганын, ал эми атасы азык-түлүккө акча да бербегенин белгиледи. Ал ошондой эле атасы апасын ур-токмокко алганын, ага болушканда аны да сабаганын белгиледи.
Биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун өкүмдөрү менен А.Ж. кызы аффект абалында киши өлтүрүү боюнча соттолду. Ал жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө үчүн эки жылга эркинен ажыратылды.
Булак: NazarNews.kg