www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматы «Коомдук транспорт» аталышындагы рейд өткөрүп, жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук унааларды текшерип жатат. Эки күндө 35 мыйзам бузуу аныкталып, 131 миң сом айып пул салынды.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, акыркы учурда жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттор катышкан жол кырсыктары көп катталып, адам өлүмү менен коштолгон факттар да байкалууда. Буга айдоочулардын айдоо маданиятын толук өздөштүрбөгөндүгү, унаанын техникалык абалына көңүл бөлбөгөндүгү жана жол эрежелерин сактабагандыгы себеп болууда.

Мына ушул көрүнүштөрдү алдын алуу максатында Бишкек ШИИББдин Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү 8-ноябрдан тартып 30-ноябрга чейин атайын рейд өткөрүүдө.

Рейд учурунда кайгуулчулар автобустардын, кичи автобустардын соңку аялдамасына барып, кичи автобустардын графиктерин, техникалык кароодон өткөндүгүн, жүргүнчүлөрдү ташууда көрсөтүлгөн орундуктардын санын, жүргүнчүлөрдү алууда же түшүрүүдө көрсөтүлгөн жерлерде токтоосун, ошондой эле айдоочулар каттамга чыгар алдында медициналык көзөмөлдөн өтүүсүн текшерүүгө алып, тиешелүү протоколдорду түзүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эки күн ичинде 35 протокол толтурулуп, анын ичинен техникалык бузуулары байкалып, оң абалда болбогондугу үчүн 22 кичи автобуска 5500 сомдон айып пул салынды. Ошондой эле кичи автобустардын техникалык бузууларын билип туруп, каттамга чыгарган механикке 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости