www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттин бардык фракциялардын макулдугу менен кабыл алынат делген чечимдеринин баары мыйзамсыз. Бул тууралуу депутат Ырыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, КСДП фракциясы бир жылдан бери жыйын өткөрө элек.
"Биздин лидер Түркияда дарыланып жатат. Башкасын шайлаган жокпуз. Демек, бул жерде айтылгандай, фракциянын макулдугу менен кабыл алынган чечимдердин баары мыйзамсыз. Комитеттер, фракциялар иштебейт, долбоорлор сурамжылоо аркылуу гана кабыл алынып жатат. Мен үгүт маалында ишти токтотууну сунуштаганымда, бардыгы нааразы болушту. Азыр залда 20 депутат отурат. 80 добуш талап кылынган мыйзам долбоорлорун 40 эл өкүлү кабыл алат”, – деди Рыскелди Момбеков.
Булак: NazarNews.kg