www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернетте Бишкекте өздөрүн кайгуул милициясы кылып көрсөткөн белгисиз адамдардын видеосу тарады.
Анда көрүнүп тургандай, жол кайгуул милициясынын формасын кийген эки адам автоунааларды токтотууда. Видеонун автору алардан кызматтык документин көрсөтүүнү сураганда, "кайгуулчулар" баш тартып, качып кетишкен. Айдоочу качып кеткендер беш-алты автоунааны токтотконго жетишкенин белгилеген. Кийинчерээк белгисиз адамдар айдоочуга "бул пранк болчу" деп айтканын көрүүгө болот.
"26 жаштагы А.Т. менен 18 жаштагы А.К. ЖКККББнын кызматкерлери эмес. Аталган факты боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", — деди ЖКККББнын маалымат кызматы.
Кармалгандар милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Булак: NazarNews.kg